Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:16

Орус президенти ЖККУ Кыргызстанда олуттуу ката кетирген жок деп эсептейт


Дмитрий Медведев бул тууралуу бүгүн Москвада Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кирген өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын кезектеги саммити учурунда билдирди. Ал белгилегендей, Кыргызстандагы кырдаалды жөнгө салуу учурунда “окуялардын кийинки өнүгүшүн эске алганда уюм олуттуу да ката кетирген жок. Уюм өзүнүн эл аралык мандатынын негизинде салмакталган жана тыкан турумун” карманды. Ага катар орус президенти ЖККУ андагы жетишпеген жактарды эске алып, мобилдүү болорун кошумчалады. Уюмдун Москвадагы бүгүнкү саммитинде отуздан ашуун документ кабыл алынды. ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжанын сөзүнө караганда, муну менен уюмдун нормативдик – укуктук базасын түзүү иштери аяктады десе болот. Бордюжанын айтымында, ЖККУ өзүнүн ишмердигин, анын ичинде кризистик кырдаалдагы аракеттерин жөнгө салуучу укуктук базага ээ болду.

XS
SM
MD
LG