Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Түркмөнстанда 2000дей айыпкерге мунапыс берилди


Мунапыс бул ирет Түркмөнстандын 12-декабрда белгиленүүчү улуттук майрамы - Бейтараптуулук күнүн утурлай жарыяланды. Мамлекеттик “Нейтральный Түркмөнстан” гезитинин жазганына караганда, мунапыстын максаты - түркмөн коомунун биримдигин чыңдоо. Франс Пресс агенттигинин маалыматы боюнча Түркмөнстандын азыркы президенти Гурбангулы Бердимухаммедов 2006-жылы бийликке келгенден бери 12 жолу мунапыс жарыялап отурат. Ал эми адам укугун коргоочулардын айтымында, утур-утур жарыяланган мунапыска карабай бир катар саясий айыпкерлер али абакта кала берүүдө.

XS
SM
MD
LG