Бул тууралуу “Азаттыкка” нааразылык акцияларына катышкан мугалимдердин бири Гүлайым Топчубаева билдирди. Анын айтымында, айлык маянаны көтөрүүнү талап кылган мугалимдер билим жана илим министри Канат Садыков менен жолуккандан кийин бийликке 25-декабрга чейин мөөнөт берип тарашкан. Эгер мугалимдер көтөрүп жаткан талаптар орундалбаса наарызылык акциялары кайрадан башталары эскертилди. “Бул наарызылык иш-чарасы он күнгө уланып, ага жети жүз жыйырма беш мугалим катышты. Мектеп программасынан артта калдык, бирок жаңы жыл алдында ийримдердин ордуна кошумча сабактарды өтөбүз”,-деп билдирди Гүлайым Топчубаева.
Мугалимдердин иш-таштоосу 1-декабрда башталган. Алар айлыктарын 10 миң сомдон кем эмес кылып жогорулатууну, турак-жай куруу үчүн жер бөлүп берүүнү талап кылышкан болчу. (ES)
Мугалимдердин иш-таштоосу 1-декабрда башталган. Алар айлыктарын 10 миң сомдон кем эмес кылып жогорулатууну, турак-жай куруу үчүн жер бөлүп берүүнү талап кылышкан болчу. (ES)