Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:43

Р.Отунбаева: Кыргызстан ЖККУнун ишенимдүү мүчөсү болууга даяр


Бул тууралуу кыргыз президенти Роза Отунбаева Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Москвада өткөн саммитинде билдирди. Өз сөзүндө президент ЖККУнун ишмердүүлүгүн артыруу, өзгөчө кырдаалдарда аталган уюмдун эффективдүү чара көрүүсүн күчтөндүрүү максатында бир катар демилгелер көтөрүлүп жатканын белгиледи. “Кыргызстан бул иш аракеттерди колдойт жана мамлекеттик чек араларды коргоо, баңги аткезчилиги менен күрөшүү өңдүү программаларды Кыргызстан да өзүнүн артыкчылыктарынын бири деп эсептейт”, - деп билдирди Р. Отунбаева. Президенттин басма сөз катчысы Султан Каназаровдун “Азаттыкка” берген маалыматына ылайык, президент эки күндүк иш сапарынын алкагында ЕвразЭСтин кезектеги жыйына катышып, экономикалык кызматташууну күчөтүүгө багытталган бир катар маселелер боюнча келишимдерге кол койгон жана ошондой эле КМШга мүчө өлкө башчыларынын кеңешинин жыйынына да катышып, бул мамлекттер ортосунда эркин соода алакалары туурасында маселелерди талкуулаган. (ES)

XS
SM
MD
LG