Кечээ Бишкекте кыркка чукул мигрант митингге чыгып, Орусияда кулчулукка кабылганын айтышкан. Наарызылык акциясынын катышуучуларынын бири Рахат Молдобаев Орусиянын Пермь шаарында жумушка орноштуруу боюнча келишимди бузгандарды аныктоо арызы менен дүйшөмбү күнү прокуратурага кайрылышаарын “Азаттыкка” билдирди. “Кыргызстан жарандарын жумушка орноштуруу борбору аркылуу Пермь шаарына иштегени барганбыз. Ал жакта бизге кулдарга жасагандай мамиле кылганына нааразыбыз. Макулдашылган шарттарга такыр төп келбейт. Ал жакта дагы биздин жигиттер калды. Буга мамлекет көңүл бурбаса болбойт”, - деди Р. Молдобаев.
Ал эми Пермь шаарында мигранттар менен иштешкен “Альянс Р” фирмасынын жетекчиси Талант Раманкулов мындай дооматтарды четке кагып, Кыргызстандан келген мигранттар жакшы шарттарда эле иштеп жатканын “Азаттыкка” билдирди. (ES)