Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:50

Швецияда кечээги жардыруулардын себебин иликтеп жатышат


Стокгольмдогу жардыруулардан бир адам набыт болду, дагы эки киши жаракат алды. Полициянын өкүлү Улф Горансон: "Кечээ кечки саат бештен өткөндө жолдогу машиналардын бири күйүп кеткен. Андан 15 мүнөттөй өткөндө ошол жерден 300 метрдей алысыраакта белине бомба байлаган жанкечти өзүн-өзү жардырып жиберди", - деди. Жергиликтүү полиция бул эки окуянын байланышы бар-жоктугу азырынча иликтенип жатканын айтты. Швециянын тышкы иштер министри Карл Билдт муну “теракт” деп атады. Өлкөдөгү ТТ маалымат агенттиги жардырууга 10 мүнөттөй калганда “даярдалып жаткан теракт жөнүндө араб жана швед тилдеринде кабар алышканын” билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG