Стокгольмдо кечээ кечиндеги жардыруулардан бир адам набыт болгон, дагы эки киши жаракат алды. Өлкөнүн SAPO деп аталган жашыруун кызматынын расмий өкүлү Андерс Торнберг: "Теракт жөнүндө алдын ала түшкөн катта бир киши жөнүндө айтылган. Ал Швецияны башка мамлекеттерде аскерлериңер бар, анан Мухаммад пайгамбарды маскаралап жатасыңар деп айыптаган экен. Биз ал катты дале иликтеп жатабыз", - деди. Торнбергдин айтымында, анын агенттигине жардыруунун алдынан белгисиз бирөөдөн кат түшкөн. Өлкөдөгү ТТ маалымат агенттиги жазганына караганда, ал катта “Швециянын Ооганстандагы аскерлери жөнүндө, ошондой эле Мухаммад пайгамбардын карикатурасын тарткан швед сүрөтчүсү тууралуу" айтылган. Швециянын имамы жардырууну кескин айыптады.