Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:15

Бүгүн Жети-Өгүздө мугалимдер митинг өткөрөт

Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган райондун Саруу айылындагы Жапар Чабалдаев атындагы мектептин мугалими, акциянын уюштуруу комитетинин мүчөсү Карыпбек Чакибашев билдирди. Алар мугалимдердин айлык-акысын көтөрүү, социалдык жактан камкордукка алуу сыяктуу талаптарды коюшат. Нааразычылык акциясы эскертүү иретинде өтүп, ага Жети-Өгүз районундагы 42 мектептен келген мугалимдер катышмакчы. Карыпбек Чакибашевдин айтымында, аларга облустук билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү келип, митингге чыкпоо тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бирок тараптар бир пикирге келе алган жок. (IJz)
​
XS
SM
MD
LG