Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:58

Нарын облустук ИИБине жаңы жетекчи келишине нааразылыктар чыгууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” Бектемир Акунов атындагы фонддун директору Урмат Акунов билдирди. Анын айтымында, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жаңы жетекчиси Таалай Нуралиев 2007-жылы Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси болуп турган. Дал ушул киши жетекчи болуп турган маалда, 2007-жылдын 15-апрелинде бийликке нааразы болуп ачкачылык кармаган Бектемир Акунов шаардык ички иштер бөлүмүнүн камерасында каза тапкан.

“Мындай адамдардын кайрадан кызматка көтөрүлүп атканы таң калтырат. Учурунда Бакиевдердин камчысын чаап, атама окшогондорду кыйноого кабылткан адамдын кайра эле чоң кызматка келгени өкүнүчтүү. Буга жол бербешибиз керек”, - деген Урмат Акунов жакын арада мындай дайындоого каршы нааразылык акциялары уюштурулушу ыктымалдыгын кошумчалады.

Бектемир Акунов 2007-жылдын 5-апрелинен тарта Бишкекте ачкачылык кармап, 11-апрелде абалы начарлагандан Нарын шаарына дарыланууга жөнөп кеткен. Аны Нарында шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери камап салып, 15-апрелде көйнөгүнө муунуп өлгөнү айтылган. (IJz)

XS
SM
MD
LG