Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:03

Москвада Кыргызстандын жараны киши колдуу болду


Бул тууралуу Орусиянын маалымат агенттиктери менен интернет сайттары кабарлашты. “Интерфакс” агенттиги билдиргендей, окуя Москванын түштүгүндөгү Нагатино районунда кечээ кечинде болгон. Кыргызстандын жараны, 37 жаштагы Алишер Шамшиевге 15тей жаш адам кол салып, оболу катуу сабаган соң бычак менен сайышкан.

“Интерфакстын” кабарына караганда, бул кол салуунун алдында ошол жерден алыс эмес жайгашкан метро станциясында “Орусия орустар үчүн” деп кыйкырган жаштардын тобу байкалган жана алардын айрымдары Спартак футбол клубунун фанаттарга берилүүчү моюн орогучтарын тагынып жүршкөн. Учурда Москванын милициясы кылмышкерлерди издеп жатканы кабарланууда.

Ушул ишемби күнү Москванын Манеж аянтында, футбол фанаттары жана улутчул уюмдардын активисттеринин аягында коопсуздук күчтөрү менен кагылышуу орун алган акциясы учурунда улутчул маанайдагы ураан–чакырыктар айтылган эле.

Кечээ да Москванын айрым райондорунда өңү славян эместерге кол салууга аракеттенген, улутчул мүнөздөгү ураан-чакырыктарды кыйкырган агрессивдүү жаштардын топтору пайда болгондугу жөнүндө маалыматтар түшкөн.

XS
SM
MD
LG