Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:41

АКШ президентинин Ооганстан жана Пакистан боюнча өкүлү ооруканада жатат


Мамлекеттик департаменттин маалыматында Ричард Холбруктун акыбалы оор экени айтылууда. Ага ишемби күнү аортасы айрылып кеткендиггине байланыштуу операция жасалган.

69 жаштагы Холбрук ооруканага Вашингтондогу кеңсесинен, өзүн жаман сезгенден кийин жеткирилген.

Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын өкүлдүн ооруканага түшүүсү АКШ бул эки өлкөдөгү Талибан менен “ал-Каидага” каршы күрөшүү боюнча кайра каралган стратегиясы жарыяноо ушул аптага мерчемдеп жаткан учурга туш келди.

Холбрук 1995- жылы Босниядагы согуштун токтошуна алып келген Дейтон тынчтык келишимин түзүүдө маанилүү роль ойногон.

XS
SM
MD
LG