Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:15

WikiLeaks: АКШнын документтеринде Өзбекстандагы коррупция жөнүндө айтылат


Америкалык дипломаттардын аталган интернет сайт шардана кылган жашыруун каттарында Өзбекстандагы коррупцияга тынчыздануу билдирилүү менен өкмөттүн уюшкан кылмыштуулук менен байланышы бардыгы болжолдонгон.

Алардын биринде былтыр АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон өзбекстандык адам укугун коргоочуга сыйлык бергенде, президент Ислам Каримов бир жолу Өзбекстандын Ооганстандагы аскерлерди камсыздоо ишиндеги кызматташтыгын токтоторун айтып коркуткандыгы маалымдалат.

Дагы бир катта өзбек өкмөтү менен уюшкан кылмыштуулук ортосунда тыгыз байланыш жана өлкөдө мамлекеттик да, жеке сектордо да кызматтар дайыма сатылары айтылган.

Документтерде президент Ислам Каримовдун кызы Гульнара Каримова да эскерилип, анын Өзбекстандагы кирешелүү ишканалардын акцияларын алуу аракеттерине тиешеси бардыгы болжолдонгон.

XS
SM
MD
LG