Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:48

Жети-Өгүздөгү нааразылыкка беш жүздөн ашуун мугалим чогулду


Окуя болгон жерде жүргөн кабарчыбыздын маалыматы боюнча, ушул тапта райондук акимчиликтин алдына 500дөн ашуун мугалим чогулду. Алар айлык акыны 15 миң сомго көтөрүү, мугалимдерге социалдык жактан камкордук көрүү талаптарын коюп, эгер талап аткарылбаса, бир ай бою иш ташташарын билдирип жатат. Жети-Өгүз районунун мугалимдери 13-декабрь күнү иш ташташарын өткөн жумада билдиришкен.

1-декабрдан бери Базар-Коргондогу мугалимдер айлык акыны 10 миң сомго көтөрүү, мамлекеттен социалдык колдоо көрсөтүлүүсүн талап кылып, акцияга чыгып келе жатышат. 7-8-декабрь күндөрү аларга Сузактык мугалимдер тилектештигин билдиришкен, 9-10-декабрь күнү Өзгөн районундагы 3-4 айыл округунун мугалимдери айлык акыны көтөрүү талабы менен иш ташташкан.

Нааразылык акциясына чыккан мугалимдердин талабы менен тааныштыгын президент Роза Отунбаева “Кабарлар” радиосуна курган маегинде билдирип, 1-январдан тарта окутуучулардын айлык акыларын көтөрүү маселеси каралып жатканын билдирди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG