Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:44

Аксакалдардын “Бакай кеңеши” түзүлдү


Ушул тапта Улуттук филармонияда аталган кеңештин салтанаттуу бет ачары болуп жатат. Аксакалдардын “Бакай кеңешинин” максаты – улут аралык ынтымакка жетишүү, жердешчиликке, уруучулукка каршы күрөшүү, аксакалдарды саясий күчтөрдүн куралына айланбай, “дүжүр чал” деген сөздөн арылтуу болуп саналат. Жыйында чыгып сүйлөгөндөр парламентке келген партиялар эки айдан бери бир ынтымакка келе албай, коалиция түзө албай жатканына нааразылыгын билдиришти.

Жыйынга расмий өкүлдөрдөн жаштар министри Алиясбек Алымкуловдон башка эч ким келген жок.(ZKo)

XS
SM
MD
LG