Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:27

Сингапур менен кызматташтык күчөйт


Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев бүгүн Сингапурдун тышкы иштер министри Д. Йонг-Бун Еонун чакыруусу менен аталган өлкөгө жөнөп кетти. Иш сапардын алкагында ал Сингапур өкмөтүнүн жана парламентинин башчылары менен жолугушат. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, Руслан Казакбаевдин иш сапары эки тараптуу кызматташууну жандандырууну, мамлекеттик реформаларды жүргүзүү, экономиканы өнүктүрүү боюнча Сингапур өлкөсүнөн тажрыйба алууну максат кылат.

Аталган өлкө мамлекеттик реформаларды ийгиликтүү жүргүзүү, коррупция менен күрөшүү жана маалыматтык технологияларды өнүктүрүү жаатында дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн бири.(ZKo)

XS
SM
MD
LG