Баалык уулоочу кеменин чөгүүсүнөн анын бортундагы 42 адамдын 22 каза болду деген кооптонуулар айтылууда. Кеме Жаңы Зеландиядан эки миң чакырымдай түштүк тарапта чөгүп кетти. Бүгүн эртең менен болгон кырсыктын себептери белгисиз.
Жаңы Зеландиянын бийликтеринин билдиргенине караганда, кеме чөгөөр менен анын бортундагы беш киши дароо каза тапкан. Жыйырма адамды жакын аралыкта жүргөн кайык аман-эсен куткарган. Дайынсыз жоголду деп эсептелип жаткан 17 киши талаптагыдай кийим –кечеги болбосо сууда 10 эле мүнөт жашай алуусу мүмкүн.
Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, чөккөн кемедеги 42 адамдын сегизи корей, сегизи Кытайдын, 11 Индонезиянын, 11 Вьетнамдын, үчөөсү Филиппиндин, бирөөсү Орусиянын жараны болгон.