Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Ажылык сапардан келе албай калган жарандын абалы оор


Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, ажылык сапар учурунда ден соолугу начарлап, Сауд Аравиясында ооруканага жаткырылган кыргызстандык жарандын акыбалы оор бойдон калууда. 56 жаштагы кыргызстандык жаранга дарыгерлер “кант диабети” деген диагноз коюшкан. Министрликтин кызматкерлери Сауд Аравиясында калган оорулуунун жакындары менен тыгыз байланышып, оорулуунун абалы тууралуу маалымат алып турат.

Быйылкы ажылык сапар учурунда Мекеге Кыргызстандан барган зыяратчыларды төрт медициналык топ коштоп жүргөн. Ажы сапары учурунда оорунун натыйжасында эки кыргызстандык көз жумган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG