Орусия президенти өткөн ишембиде Манеж аянтында болгон баш аламандыкка баа берип, күнөөсү бар бир дагы адам жазыксыз калбайт деп убада кылды. Анда Москванын борборунда беш миӈден ашуун футбол күйөрмандары чогулуп, ашыккан улутчул чакырыктар менен башаламандык уюштурган. Буга «Спартак» футбол командасынын күйөрманын кавказ улутундагы бирөө атып өлтүрүлгөнү себеп болгон. Массалык кагылышта отуздан ашуун киши жаракат алып, алтымыштай киши камакка алынган. «Биз сабырдуулук менен кырдаалга жараша аракет кылдык. Бирок бул милиция мындан ары буга окшогон башаламандыкка жеӈил желпи мамиле жасайт дегенди түшүндүрбөйт. Мыйзамга ылайык болгон күч-каражатка таянып катаал чараларды көрөбүз», деп Москва шаардык милиция башчысы Владимир Колокольцев билдирди.