Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:28

Ахмадинежад Ирандын тышкы иштер министрин кызматтан кетирди


Манучехра Моттаки Ирандын тышкы иштер мекемесин 2005-жылдан бери жетектеп келген. Иран президентинин интернеттеги барагында Ахмадинежад Моттакининин өлкөнүн тышкы иштер тармагында сиӈирген эмгегин жогору баалап, ыраазычылык билдирген. Бирок эмне үчүн аны кызматтан алганы тууралуу түшүндүрмө берген эмес.

Эми Ирандын тышкы иштер министрлигин өзөктүк куралдар боюнча жогорку даражадагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн Али Акбар Салехи убактылуу жетектейт.

Буга чейин ирандык маалымат каражаттары өлкөнүн мыйзам чыгаруучулары Моттакини кысымга алып, эгер Улуттар Уюму Иранга карата жаӈы жазаналарды кабыл алса аны кызматтан кетирүү маселесин көтөрүп келгенин жазган.

XS
SM
MD
LG