Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:24

Москвадагы элчилик кол салууларга тынчсыздануу билдирди


Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргызстандык жарандарга кол салууларга жана ур-токмокко алуу фактыларына байланыштуу тынчсыздануу билдирди. Элчиликтин маалыматына караганда, Москва шаарында 12-декабрда ашынган улутчулдардын ур-токмогунан кийин Кыргызстандын жараны Алишер Шамшиев каза тапкан сон Кыргызстандын элчилигинин өкүлдөрү шаардык милиция жетекчилиги менен жолугушуп, болуп өткөн окуя тууралуу тынчсыздануусун билдиришти. Криминалист адистер А.Шамшиевдин сөөгүн карап чыгып, бөйрөк тушка бычак сайылганын аныкташкан. Москва милициясы Кыргызстандын жарандарына карата чабуулдарга байланыштуу кылмыш иштерин ачууга аракет кылышарын билдиришкен.

Мигранттар менен иштешкен “Замандаш” ассоциациясынын маалыматына караганда, буга чейин Орусияда ашынган улутчулдардын колунан каза тапкан кыргызстандыктарды кимдер өлтүрүшкөнү көп учурда белгисиз бойдон калып, кылмыш иштери ачылбай калып кетүүдө. (IJz)

XS
SM
MD
LG