Элдик эркиндик партиясына оппозициядагы төрт саясатчы тең төрагалык кылат. Алардын арасында акыркы бир нече жылдан бери Кремль менен каршылашып келе жаткан мурдагы премьер- министр Михаил Касьянов, мурдагы вице премьер- министр Борис Немцов бар.
Уюштуруучулардын айтымында, алар эми бул партияга кирүүсү үчүн СССРдин мурдагы президенти Михаил Горбачевду ынандыруу аракетин көрүүдө.
РИА Новости жаңылыктар агенттиги кабарлагандай, Элдик эркиндик партиясы Орусиянын келерки жылдагы парламентик, 2012-жылкы президенттик шайлоосуна катышат. Ага чейин партиянын расмий каттоодон өтүүсү талап кылынат.
Жаңы партиянын тең төрагаларынын бири Борис Немцов Москвадагы кечээги пресс-конференцияда буларды белгиледи:
-Адамдар азыркы бийлик жүргүзүп жаткан коррупция жана мыйзамсыздык саясатына каршы атаандаш көз-карашты уккандыгы абдан маанилүү. Мен шайлоо бурмаланарын, фальсификация жана башкалар болорун түшүнөм. Бирок биз үчүн шайлоо - биричи кезекте өлкөнүн жана аймактардын өнүгүшү боюнча атаандаш стратегияны жеткирүү ( элге), экинчиден, адамдарга азыр бийликте ким турганын түшүндүрүү мүмкүнчүлүгү.