Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:54

Экстремисттик диний уюмдар катарына жаш балдар менен аялдарды тарта башташты


Бул тууралуу кечээ Ош облусунда болуп өткөн координациялык жыйында айтылды. Ош облустук мамлекеттик администрациясынын басма сөз катчысы Канболот Тутуевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча жыйынга күч органдарынын, дин башкармалыгынын өкүлдөрү, акимдер жана имамдар катышты. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын өкүлү берген маалыматка караганда “Хизб-ут Тахрир” сыяктуу тыюу салынган диний уюмдар катарына жаш балдарды жана аялдарды тартып, аларды Пакистан, Ооганстан сыяктуу террорчуларды даярдоочу лагерлерге жиберип жатышат. Күч кызматынын өкүлдөрү ошондой эле террорчулук, эки элдин ортосуна от жагуу аракеттери тууралуу маалыматтар аз болуп жаткандыгын белгилешип, бул багытта жемиштүү иш алып барууга жергиликтүү элдин да көмөгү, маалыматтары жетишсиз болуп жатканын айтышты.
Облус губернатору Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө мечиттердин имамдары менен бирге эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү, экстремисттик максаты бар диний уюмдардын ишмердиги тууралуу китепчелер чыгарып элге таратууну тапшырды.

Ушундай эле жыйын бүгүн Араван районунда айыл өкмөт башчыларынын, жергиликтүү күч кызматкерлеринин жана элдин катышуусунда өтөт. Эртеңден тартып Ноокат, Кара-Суу, Өзгөн райондорунда уланмакчы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG