Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:11

Тоңдук мугалимдер да нааразылык акциясына чыкты


Бул тууралуу “Азаттыкка” Тоң районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектептин мугалими Лилия Сопиева билдирди. Анын айтуусунда, аймактагы бир катар мектептердин мугалимдери райондук билим берүү бөлүмүнүн алдына чогулуп, талаптарын коюшмакчы. Тоңдук мугалимдер айлык акыны көтөрүү, мугалимдерге мамлекет тарабынан социалдык колдоо көрсөтүү талаптары менен буга чейин нааразылык акцияларына чыгып келишкен кесиптештерине тилектештигин билдиришүүдө. Лилия Сопиева бүгүнкү акция балдардын сабагын үзгүлтүккө учуратпасын айтып, акцияга түшкө чейин сабак берип бүткөн мугалимдер гана катышып жатканын белгилеп кетти. Ошондой эле тоңдук мугалимдер эгер мектеп окутуучуларынын талаптары аткарылбаса, бир айлык иш таштоо тууралуу демилгени колдоого алышарын айтышууда.

1-декабрдан бери Базар-Коргондогу мугалимдер айлык акыны 10 миң сомго көтөрүү, мамлекеттен социалдык колдоо көрсөтүлүүсүн талап кылып, акцияга чыгып келе жатышат. 7-8-декабрь күндөрү аларга сузактык мугалимдер тилектештигин билдиришкен, 9-10-декабрь күнү Өзгөн районундагы 3-4 айыл округунун мугалимдери айлык акыны көтөрүү талабы менен иш ташташкан. Кечээ Жети-Өгүздөгү мугалимдер айлык акыны 15 миң сомго көтөрүү, мамлекет тарабынан социалдык колдоо көрсөтүү талаптарын коюп, иш ташташкан.

Мугалимдердин орточо айлык акысы 1,5-3 миң сомду түзөт.

Нааразылык акциясына чыккан мугалимдердин талабы менен тааныштыгын президент Роза Отунбаева кечээ “Кабарлар” радиосуна курган маегинде билдирип, 1-январдан тарта окутуучулардын айлык акыларын көтөрүү маселеси каралып жатканын билдирди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG