Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:22

Кыргыз жаранынын өлтүрүлүшү боюнча ишти Москва ШИИБнын башчысы көзөмөлгө алды

Кыргыз тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, 13-декабрь күнү Москвадагы кыргыз элчилигинин өкүлдөрү орус күч кызматтарынын жетекчилери менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Анда 12-декабрь күнү ур-тепкиге алынып, өлтүрүлгөн кыргызстандык жаран Алишер Шамшиевдин ишин Москва шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы В. Колокольцев өз көзөмөлүнө алгандыгы, анын жетекчилиги алдында атайын оперативдүү-издөө тобу түзүлгөнү маалымдалды.

Москвадагы кыргыз элчилиги ушул тапта маркумдун сөөгүн мекенине жөнөтүү иштери менен алектенүүдө. 12-декабрь күнү Москва шаарында кыргызстандык 37 жаштагы Алишер Шамшиев киши колдуу болуп өлгөн.(ZKo)
XS
SM
MD
LG