Бул тууралуу ички иштер министринин биринчи орун басары Николай Солдашенко бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, Ош шаарында өзбек тектүү келиндерди уурдап кетип, зордук-зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу бир дагы арыз-доомат милиция органдарына түшкөн эмес.
13-декабрда укук коргоочу Равшан Гапиров Ошто өзбек тектүү жаш келиндерди уурдап кетип, зомбулук көрсөтүү күчөгөнүн маалымдаган. Бул маалыматты “Кылым шамы”, “Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмдары тастыктап, кордук көргөн келиндерге милиция менен чогуу укуктук жардам көрсөтүлүп жатканын билдиришкен.(ZKo)