Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:55

Ажылык сапарга барган 200 кыргызстандык мекенине кайта албай турушат


Дин иштери боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлү Кумар Дүйшөнбаев 200 киши ажылык сапарын ишке ашыралбай? же мекенине кайта албай турушканын бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Сауд Аравиядагы Кыргызстандын ажылыкты уюштуруу боюнча штаб башчысы Юсуп Балтабаевдин айтуусунда, келе албай жаткан жарандар ажылыкка автоунаа менен баргандар. Анын айтуусунда, Мекеге ажылыкка барган кыргызстандык жарандардын визасында алар Сауд Аравиясына аба транспорту аркылуу гана кире алышат деп жазылып тургандыктан, автоунаа менен Иордания жана Араб Эмираттары аркылуу барган кыргыз жарандары чек арада кармалып калышкан. Маалыматка караганда, чек арада кыргызстандык жарандар түшкөн 7 автобус кармалган, алардын ичинде жасалма визасы бар адамдар да болгон.

Быйылкы жылы Кыргызстандан ажылык сапарга 2500ге чукул киши барган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG