Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:02

Памир Асанов: Оштогу кырдаал көзөмөлдө


Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Памир Асанов диний-сепаратисттик жана улутчул агымдарга кирүүгө чакырыктар күчөгөнүн, буга карата чара көрүлүп жатканын билдирди. Ал бул тууралуу бүгүн Ош шаардык жетекчилиги менен күч органдарынын жыйналышында билдирди. Милиция башчысынын сөзүн шаардын мэри Мелис Мырзакматов сынга алып, кырдаалга байланыштуу маалыматтар ачык айтылбай жатканын эскертти. Ал учурда кырдаал кооптуу болуп турганын белгилеп, июнь окуясы да дал ушундай камырабастыктан, алдын алуу аракеттери жасалбагандыктан келип чыкканын кошумчалады.
Мелис Мырзакматов жыйында элди ар кандай сепаратисттик чакырыктарды ээрчибей, сабырдуу, сак болууга чакырды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан "Азаттыкка" кабарлашты.

2010-жылы 10-июнда Ош шаарында улут аралык кагылыш чыгып, кийин Кара-Суу, Жалал-Абад шаарларына, Базар-Коргон, Сузак районуна жайылып кеткен. Натыйжада расмий маалыматтар боюнча 418 киши набыт болуп, ондогон адамдар дайынсыз жоголгон. Миңге чукул киши жаракат алган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG