Төмөнкү палатада 314 депутат кабинетке ишеним көрсөтүп добуш берди, 311и каршы чыкты. Түшкө чейин премьер-министр Силвио Берлусконинин өкмөтүн сенат да колдогон эле. Өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин солчул оппозиция менен оңчул депутаттар козгошкон эле. Соңку кездери өлкөдө саясатка, ошондой эле Берлусконинин жеке турмушуна байланыштуу жаңжалдардан улам өкмөттүн жана премьердин калк арасындагы рейтинги бир топ төмөндөп кетти.