Жогорку Кеңештин депутаттары Дамира Ниязалиева, Курсан Асанов, Зайырбек Жоошбаев Нарын театрында эл менен жолугушуп, мугалимдердин көйгөйүн угушту. Жолугушууда мектеп, жогорку окуу жай, кесиптик техникалык окуу жайлардын мугалимдери маянаны беш миң сомдон өйдө көтөрүү керектигин белгилешти. Нарында мугалимдердин орточо айлыгы 1500 сомдон башталса, Нарын шаарына коңшу турган бийик тоолуу коэфицент кошулбаган айылдарда мугалимдердин айлыгы миң сомдун гана тегерегинде болот. Жолугушууга келген депутаттар шайлоо алдында берилген убадаларды аткаруу үчүн кайсы гана партия болбосун коалиция түзүүгө даяр экендиктерин айтып, калкты сабырдуулукка чакырышты. Парламенттик шайлоодо СДП Нарын облусунан эң көп добуш алган. (JI)