Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:26

Нарын: Абаккана куруу маселеси кайрадан көтөрүлдү


Нарын шаардык кеңештин депутаттары, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен болгон отурумда өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн Нарын шаарында абак куруу маселеси кайра көтөрүлдү. Учурда өлкөдө өмүр бою түрмөгө эркинен ажыратылгандардын саны 200гө жетет. Жыйында алар ар кайсы түрмөлөрдө жазасы жеңил соттолуучулар менен чогуу отуруп, абактагы жаштарга өзгөчө терс таасирин тийгизип жатканы айтылып, Нарын шаарындагы Москва чөлкөмүндө жайгашкан мурдагы тери-венерологиялык диспансердин имаратын абакка ыңгайлаштыруу сунушу берилди. Жыйынга катышкандардын айрымдары эгерде абаккана Нарында курулса 300гө чукул киши иш менен камсыз болуп, түрмө үчүн керектеле турган 300 миллион сомдун ордуна мамлекет 100 миллион сом гана акча короторун айтса, ага каршы болгондор Нарын шаарынын чакандыгын, бир тарабында Борбордук Азия университетинин имараты курулуп жатканын эскертишти.

Бул маселе мурдагы бийлик учурунда да көтөрүлүп, ага жергиликтүү тургундар каршы болуп келген. (JI)

XS
SM
MD
LG