Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:28

Талас: Мугалимдердин нааразылык жыйыны убактылуу токтоду


Бүгүн Талас шаарындагы 9 мектеп, бир лицей жана 6 бала бакчанын мугалим, тарбиячылары маянаны жогорулатуу талабы менен нааразылык жыйынга чыкты. Чогулгандардын саны 500дүн тегерегинде болгону кабарланды. Жергиликтүү бийлик маянаны көтөрүү маселесин Жогорку Кеңеш чечерин айтканда, чогулгандар жакында тартип коргоо кызматкерлеринин айлык маселесин убактылуу өкмөт чечип бергенин белгилешти. Мугалимдер эртең жалпы облус боюнча митинг өтөрүн, ага башка да мугалимдер кошуларын айтып, түшкү саат 3кө жакын тарашты. (UA)

XS
SM
MD
LG