Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:44

Калктын аз камсыз болгон бөлүгүн коргоого арналган жыйын болот


Бүгүн Бишкекте өтө турган бул жыйын тууралуу “Азаттыкка” “Психикалык саламаттык жана коом” фондунан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жыйында калкты социалдык жактан коргоо системасын чыңдоо, балдарды, аз камсыз болгон жарандарды коргоо маселелери сөз болот.

“Психикалык саламаттык жана коом” фондунун маалыматына ылайык, Кыргызстанда ар бир үчүнчү бала жарды турмушта чоңоюп келатат. Таштанды балдардын санында да өсүш бар. Кары-картаңдардын 80 пайызы тиричилик каражатынын төмөнкү чегинен да ылдый жөлөк пул алышат. Ал эми 20 жыл ичинде майыптардын саны өлкөдө эки эсеге өстү. (IJz)

XS
SM
MD
LG