Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:43

Бишкекте кыйноолорго байланыштуу жыйын өтөт


Бүгүн Бишкекте кыйноолорго байланыштуу билдирүүлөрдү иликтөөлөргө арналган жыйын өтөт. Жыйынга мамлекеттик органдардын жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрү, Ош жана Жалал-Абад облустарында иштеген адвокаттар, укук коргоочулар, көз карандысыз эксперттер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Кыргызстандагы кыйноолорго байланыштуу маселелерди талкуулашат. Талкуу учурунда кыйноолорго каршы эл аралык тажрыйбалар, бул жаатта Кыргызстандын мыйзамдары каралып, мыйзамдык базаны чыңдоо жаатында сунуштар айтылмакчы. Аталган жыйынды БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгынын аймактын бөлүмү жана Кыргызстандын Акыйкатчы институту баш болгон уюмдар уюштурууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG