Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:54

Акмат Бакиевдин соту түштөн кийин болот


Бишкектеги Аскер сотунун өкүлү маалымдаганы боюнча, сот түшкү саат 2де болот, жараян эмне үчүн жылдырылганы айтылган жок.

Экс-президент Курманбек Бакиевдин иниси Акмат Бакиевдин үстүнөн соттук териштирүү бүгүн саат 10го белгиленген болчу. Акмат Бакиевге ушул жылдын май айында "массалык башаламандыктарды уюштурган", "бийлик өкүлдөрүнө каршы күч колдонгон", "жерлерди мыйзамсыз ээлеп алган", "атуучу куралдарды мыйзамсыз алып жүргөн", "зордук-зомбулук менен башкалардан акча өндүргөн" деген сыяктуу айыптар тагылууда. Акмат Бакиев өзү жана анын адвокаттары коюлган дооматтар менен макул эмес. (ZKo)

XS
SM
MD
LG