Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:27

Ош, Жалал-Абадда жаңы үйлөрдүн ачкычы тапшырылды


Ош шаарында жана Кара-Суу районундагы Шарк айылында июнь коогалаңынан жабыркаган 7 үй-бүлөгө жаңы курулган үйлөрдүн ачкычтары тапшырылды. Ушундай эле салтанат 14-декабрда Жалал-Абад шаарында да болуп, ал жакта жаңы салынган 5 тамдын ачкычтары ээлерине берилди. Коогалаңда үй-жайы өрттөнгөндөр үчүн жаңы тамдарды “Бүткүл дүйнөлүк Жаштар ассамблеясы” коомдук бирикмеси тургузуп берген. Буга байланыштуу ачкыч тапшыруу аземине аталган ассамблеянын президенти Саид Баюм жана июнь коогалаңынан кийин Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев катышты. Бул тууралуу аталган дирекциянын басма сөз кызматы маалымдады.

Июнь коогалаңында үй-жайынан ажырагандар үчүн жалпысы 2 миңге чукул жаңы там бүткөрүлүп берилери кабарланган. Бүгүнкү күнгө чейин 1650 үйдүн ачкычы ээлерине тапшырылды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG