Эл аралык комиссиянын төрагасы Киммо Килюнендин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, учурда коогалаң тууралуу топтолгон маалыматтарды иликтөө иштери жүрүп жатат. Анын айтымында, жаңы жылдан кийин дагы бир катар эл аралык эксперттер келип, иликтөө жүргүзөт. Комиссиянын жалпы бүтүмү февраль айында чыгат.
Киммо Килюнен жетектеген эл аралык комиссия июнь коогалаңын иликтөөгө 14-октябрдан тарта киришкен. Ош жана Жалал-Абад облустарында бир нече жерде булардын кеңселери иштеп жатат. (ZKo)
Киммо Килюнен жетектеген эл аралык комиссия июнь коогалаңын иликтөөгө 14-октябрдан тарта киришкен. Ош жана Жалал-Абад облустарында бир нече жерде булардын кеңселери иштеп жатат. (ZKo)