Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:24

Ошто жайма базардагы киши өлтүрүү боюнча өкүм чыгышы мүмкүн


Жергиликтүү кабарчыбыздын маалыматы боюнча, июнь коогалаңында Ош шаарындагы жайма базарда эки кишини өлтүрүүгө байланышкан соттук териштирүү бүгүн жыйынтыкталышы ыктымал. Ушул тапта соттун башталышы күтүлүүдө.

13-июнда Ош шаарындагы жайма базарда 33 жаштагы Аскар Турусбеков менен 32 жаштагы Сапарбек Эрмекбаев мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Алардын өрттөлүп, дарыяга ыргытылган сөөгү 19-июнда Анжиян облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан табылган. Бул ишке байланыштуу беш киши айыпталууда. Алардын арасында ага-ини, 21 жаштагы Тахир жана 20 жаштагы Бабур Амановдор бар. Өткөн сот процессинде мамлекеттик айыптоочулар соттолуучулардын үчөөнү өмүр бою, экөөнү сегиз жылга эркинен ажыратуу жазасын сураган.

Ош жана Жалал-Абад облусунда ушул тапта коогалаңга байланыштуу кылмыш иштери боюнча шектүү делип 300 киши кармалган. Июнь окуялары маалында мерт болгон 429 кишинин денеси табылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG