Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

Өзбекстанда 5 айдан бери кармалып турган жүк кайтарылды


Аммонит жүктөлгөн унааларды жана ИИМдин мамлекеттик атайын кызматынын эки кызматкерине таандык куралдарды кайтаруу боюнча кыргыз-өзбек чек арачылары 11-декабрь күнү сүйлөштү. Натыйжада 13-декабрь күнү Айдаркендеги “Айырбас” чек ара түйүнү аркылуу июль айынан бери Өзбекстанда кармалып турган унаалар жүгү менен, ошондой эле милиционерлердин куралдары Кыргызстанга чыгарылып берилди. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын алдындагы чек ара кызматынын басма сөз катчысы Салкынай Абдыкарыеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, аммонит жүгү салынган унаалар бүгүн ээсине - “Кыргызгеологтехкомплект” ишканасына тапшырылды.

23-июль күнү Тажикстандын химиялык заводунан Кыргызстанга багыт алган “Кыргызгеолотехкомплект” ишканасына таандык 40 тонна тоо жардыргыч же аммонит тартып бараткан унаалар, мекеме өкүлдөрү жана Кыргызстандын Ички иштери министрлигинин коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери, жалпысынан 11 киши Өзбекстандын Жавагы чек ара бекетинде карамалып, жүк жол жээгинде 10 күнгө жакын кармалып, анан Өзбекстандын ичине киргизилип кеткен. Өзбек тарап жардыргыч заттарды транзиттик каттамда алып өтүүдө алдын ала 10 күн мурда эскертилүүсү керек болчу деген күнөө койгон эле. Кийин эки тараптык сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында кармалган кишилер кое берилген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG