Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:55

“Ар-намыс” коалицияга кирүүдөн баш тартты


Бул тууралуу фракция башчысы Феликс Кулов бүгүн журналисттерге билдирди. Анын айтымында, коалиция түзүү мандатын колуна алган “Республика” партиясы “Ар-намыска” Жогорку Кеңештин төрагалыгын сунуш кылган. Бул коомчулукта нааразылыкты туудурмак, "анткени эгер өкмөт башчы түндүктөн болсо, парламент төрагасы түштүктөн болушу зарыл" деп билдирген Феликс Кулов мына ушуну эске алуу менен “Ар-намыс” төрагалыкты алуудан баш тартканын билдирди. Ал эми "парламенттик көпчүлүктүн жетекчиси" деген кызмат түшүнүксүз дейт Ф. Кулов.

Коалиция түзүү мандатын колуна алган “Республика” фракциясы өкмөт башчылык кызматты Социал-демократтарга, ал эми Жогорку Кеңештин төрагалыгын “Ата Журт” партиясына сунуштаганы кечээ кабарланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG