Австралиянын түндүк батышындагы Рождество аралында мигранттар түшкөн кайык аңтарылып, кеминде 27 киши сууга чөгүп кеткени кабарланууда. Алардын көбү аялдар менен балдар экени айтылууда. Алдын ала маалыматтар боюнча кемедеги 80дей киши Австралияга мыйзамсыз өтүп келатышкан. Кемедеги 41 киши куткарылгандыгын Австралиянын Бажы жана Чек ара кызматы тастыктады. Алардын кайсы улуттан экендиги азырынча айтыла элек, мааламат каражаттары ирандык жана ирактыктар дагы бардыгын кабарлоодо.