14-декабрь күнү Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асанов баштаган бир катар райондордун акимдери Өзбекстандын Анжиян жана Наманган облустарына расмий сапар менен барып келишти. "Бул июнь коогалаңынан бери токтоп калган расмий деңгээлдеги карым-катыштын кайра жанданышы" деп билдирди “Азаттыкка” Өзбекстанга барган делегация мүчөсү, Ноокен районунун акими Уланбек Өсөров. Анын айтымында, бир күндүк иш сапары учурунда кыргызстандык делегация Анжияндагы DAEWOO автозаводунун иши, балдар үчүн курулган заманбап спорт комплекси менен таанышты. Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асанов Анжиян, Наманган облустарынын губернаторлору менен жолугушуп, алар менен эки коңшу элдин ынтымагын чыңдоо, кызматташтыкты бекемдөө, чек арага жакын аймактардагы маселелерди чечүү тууралуу сүйлөштү.
Иш сапардын аягында кыргызстандык делегация өзбекстандык кесиптештерин Кыргызстанга чакырган. (ZKo)
Иш сапардын аягында кыргызстандык делегация өзбекстандык кесиптештерин Кыргызстанга чакырган. (ZKo)