Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Эртең абанын температурасы төмөндөйт


Аба-ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча 16-декабрда Ысык-Көл жана Нарын облустарынан башка аймактарда жаан-чачын жаайт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 14 метрге, Ысык-Көл ойдуңунда күндүз 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы: Чүй, Талас облустарында түнкүсүн -2...+3, күндүзү 4...10 даража жылуу болот. Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...5, күндүзү 7...12 градус жылыйт. Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...-5 градус суук, күндүзү 1...6 градус жылуу болот. Нарында түнкүсүн суук -13...18 градус, күндүзү -3...+2 даража жылыйт. Бишкекте күндүз жаан жаашы күтүлөт, абанын температурасы түнкүсүн -0...2, күндүзү 7...9 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG