Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:24

Талас: “Кен Төр Голд” муктаж үй-бүлөлөргө 100 тонна көмүр берди


Бүгүн Таласта Андаш кенин иштетүүчү “Кен Төр Голд” компаниясы Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылындагы муктаж үй-бүлөлөргө 100 тонна көмүр берди. Компаниянын жетекчилиги мындан ары да көмүргө муктаж болгондорго колдоо көрсөтөөрүн айтып, жаңы жылга карата белектер даярдалып жатканын белгиледи. Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылынын тургундары айылдын четиндеги Андаш кенин иштетүүгө каршы болуп, муну экологиялык коопсуздук маселеси менен байланыштырып келишет. Айрым укук коргоочулар аталган компаниянын иштери республикалык деңгээлде чийки чечилгени Топчубек Тургуналиевдин сөзүнөн билинип турганын белгилешүүдө. Жакында Топчубек Тургуналиев “Азаттыкка” курган маегинде Андаш кенине байланыштуу маселени өкмөт кайра карап, жергиликтүү тургундардын талабына ылайык аталган кендин тагдыры чечилерин билдирген. (UA)

XS
SM
MD
LG