Москва шаардык милициянын маалымат катчысы Виктор Бирюков 400дөй киши Киев вокзалында кармалгандыгын билдирди. Жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 6да бул жерде башаламандык күтүлүп жатканы кабарланган. Кагылыштын алдын алуу максатында 1 миңден ашуун милициянын атайын күчү тартылган. В.Бирюков кармалгандардан бир нече мылтык, бычак сыяктуу куралдар табылганын дагы кошумчалады. Шаардын коопсуздугун милиция, атайын аскер топтору камсыздап жатканы буга чейин айтылган.