Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:18

Кыргыз тилине салым кошкондор сыйланды


Кечээ Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошкон жарандарды сыйлоого арналган “Тилибиз биздин дилибиз” аттуу иш-чара өткөрүлдү. Аны “Кыргыз тили” коому уюштуруп, Жогорку Кеңештин депутаттары, шаардык, райондук бийликтердин өкүлдөрү, жогорку жана жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. “Кыргыз тили” коому тараткан маалыматка караганда, кыргыз тилинин өнүгүшү үчүн салым кошкон адамдар президент Роза Отунбаевнын атынан “Ыйык тил” аттуу төш белгилер менен сыйланды. Иш-чара кыргыз эстрада жылдыздарынын концерти менен коштолду. (IJz)

XS
SM
MD
LG