Коалицияга кирүү тууралуу “Республика” партиясынын сунушуна адегенде “Ата-Журт”, андан кийин Социал-демократтар партиялары макулдугун беришти. Коалициялык келишимде көрсөтүлгөндөй, алдын-ала сүйлөшүүлөр боюнча премьер-министрлик кызмат Алмазбек Атамбаевге, спикерлик Акматбек Келдибековго, ал эми биринчи вице-премьер-министрлик Өмүрбек Бабановго тиймекчи болууда. “Республика” партиясынын маалымат кызматынан билдиришкендей, ошентсе да коалиция түзүлгөндүгү тууралуу ырасмий жарыя техникалык маселелер чечилген соң жасалмакчы. (IJz)