Сот АКШнын дипломаттарынын жашыруун кат-кабарларын жарыялап жаткан WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанж күрө коюу менен бошоно алабы же жокпу деген маселени чечүүсү керек. 14-декабрда төмөнкү инстанциядагы сот ал 200 миң фунт (317 миң доллар) күрө төлөө менен бошоно алат деп тапкан. Бирок Австралиянын жараны Ассанжды өткөрүп алууну көздөп жаткан Швециянын прокурорлору чечимди аппеляцияга берерин билдиришкендиктен ал абактан чыгарылган эмес. Швеция Ассанжды эки аялга сексуалдык ыдык көргөзгөн деп айыптоодо. Ассанждын жактоочулары болсо буга окшогон айыптоолордун артында балким саясий жүйөө жатат деп эсептешет. Ал издөө жарыялангандан кийин өткөн аптада Лондондун полициясына өзү колго түшүп берген.