Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Нарында эки адам мөөнөтсүз ачкачылык акциясын улантат


Бул тууралуу “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы маалымдады. Нарын шаарынын борборунда Сыйнагүл Сагындыкова жана Жолдубай Сүйүнбаев ачкачылык акциясын кечээ башташкан. Алар тоолуу аймактарга электр энергиясынан берилүүчү жеңилдиктерди кайра калыбына келтирүү өңдүү бир катар социалдык маселелерди чечип берүү талабын коюп жатышат. Ошондой эле облус губернаторун, анын биринчи орун басары менен аппарат жетекчисин жана Нарын шаар мэри менен анын биринчи орун басарынын кызматтан кетүүсүн талап кылышууда. Өз кезегинде Нарын облустук губернаторунун орун басары Эмил Алымкулов Бишкекте иш сапары менен болуп Нарынга жаңы эле келгенин, акция өткөрүп жаткан адамдар менен бүгүн сүйлөшүүлөрдү өткөрөөрүн билдирди. (KKs)

XS
SM
MD
LG