Кечээ Сенат өзөктүк куралды кыскартууну караган бул келишимди ратификациялоо жараянын баштоо үчүн добуш берди. Сунушту 66 сенатор колдоду, 32си каршы чыкты. Президент Барак Обама келишимди ратификациядан өткөрүүнү эң башкы маселе катары атаган. Бирок оппозициядагы республикачылар документтен шек саноо менен ал АКШнын ракетадан коргонуу мүмкүнчүлүгүн чектейт деп кооптонушууда. Келишимге АКШ жана Орусия президенттери быйыл апрелде кол койгон. Ага ылайык, жети жылдын аралыгында эки өлкөнүн колунда калган өзөктүк дүрмөттөрүнүн саны 1550дөн ашпоосу керек