Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Бишкекте майып балдарга арналган кайрымдуулук акция өтүп жатат


Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети тарабынан уюштурулуп жаткан бул акцияга Кыргызстандын аймагындагы мектепке чейинки атайын мекемелерден жана атайын мектептерден 120 бала катышууда. Анын жүрүшүндө мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга 20га жакын майыптардын коляскасы берилет. Ошондой эле муктаж болгон студенттерге жана мугалимдерге акчалай жардам көрсөтүлөт. Аталган окуу жайдын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул акция “Ассанабиль” эл аралык кайрымдуулук корунун көмөгү менен өткөрүлүп, майып балдарды колдоого багытталган. (KKs)

XS
SM
MD
LG